Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргыз дарыгерлери менен онлайн-жолугушуу өткөрдү
КР Саламаттык сактоо министрлигинде Германия, АКШ, Улуу Британия, Россия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү жана башка мамлекеттерде медицина тармагында иштеп жаткан кыргыз адистери менен онлайн-жолугушуу болуп өттү. Иш-чара министрдин орун басарлары Бакытбек Кадыралиев жана Темирбек Эркиновдун төрагалыгы алдында уюштурулду.
Жолугушуунун негизги максаты – кесиптик тажрыйба алмашуу, медицинадагы эл аралык практикаларды талкуулоо, кадрларды даярдоо, саламаттык сактоону санариптештирүү жана чет өлкөлөрдө эмгектенип жаткан мекендештердин улуттук саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кароо болду.
Талкуунун жүрүшүндө адистер дүйнөнүн алдыңкы клиникаларындагы иш тажрыйбаларын бөлүшүп, улуттук саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтышты. Атап айтканда, заманбап технологияларды (анын ичинде бронхоскопия жана NGS-диагностика) киргизүү, санариптик чечимдер, онкологиялык, пульмонологиялык, трансплантологиялык жана анестезиологиялык жардамды өркүндөтүү, гемодиализ, мобилдик клиникалар, лицензиялоону жана дарыгерлерди окутууну жөнөкөйлөтүү маселелери көтөрүлдү.
Сунуштардын басымдуу бөлүгү кадр маселесине байланыштуу болду. Катышуучулар кыргыз адистерин окутууга көмөк көрсөтүүгө, стажировкаларды уюштурууга, лекциялар жана эксперттик баяндамалар менен чыгууга, профессорлорду операциялар жана мастер-класстар өткөрүү үчүн тартууга даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле адистердин Кыргызстанга кайтып келүүсү үчүн шарттарды түзүү жана кесиптик долбоорлорго катышуусу маселеси да талкууланды.
Министрдин орун басарлары чет өлкөдөгү адистердин катышуусун улуттук саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү ресурс катары карашарын белгилеп, тажрыйба алмашуу үчүн аянтчаларды системалуу түрдө түзүү иштери жүргүзүлөрүн билдиришти. Талкууланган чаралардын катарында кыргыз дарыгерлери көп топтолгон өлкөлөрдө офлайн жана онлайн-жолугушууларды өткөрүү, Миррахимов окууларында баяндама жасоо мүмкүнчүлүгү, ошондой эле санариптик жана кадрдык реформаларга катышуу маселелери айтылды.
Жолугушуунун соңунда Бакытбек Кадыралиев КР Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетовдун атынан катышуучуларга ыраазычылык билдирип, мамлекет чет өлкөдөгү мекендештер менен кесиптик байланыштарды колдоого кызыкдар экенин белгиледи.
«Медицина тармагындагы кадр тартыштыгы — өлкө үчүн негизги чакырыктардын бири. Биз кызматташууга ачыкпыз жана бейтаптардын кызыкчылыгы үчүн тажрыйба, билим жана технологияларды тартууга мүмкүндүк бере турган практикалык чечимдерди издейбиз», – деди ал.
Мындай форматтагы жолугушуулар мындан ары да туруктуу өткөрүлөт. Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөдөгү адистердин илимий, билим берүү жана клиникалык ишмердүүлүккө катышуусу үчүн шарттарды түзүү багытындагы иштерин, анын ичинде стажировка программаларын, эксперттик колдоону жана медициналык кадрларды репатриациялоону улантат.
