Ош ОИИБ: Кара-Кулжа районунда “Өспүрүм – түн” алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү
3 январь

Ош ОИИБ: Кара-Кулжа районунда “Өспүрүм – түн” алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Кара-Кулжа РИИБдин өздүк курамы 2026-жылдын 1-январынан тартып “Өспүрүм–түн” аталышындагы алдын алуу рейддик иш-чара өткөрүүнү баштады.

Рейд учурунда компьютердик клубдар, спорттук аянтчалар, жер төлөлөр, ошондой эле балдар жана өспүрүмдөр көп топтолушу мүмкүн болгон жайлар текшерүүгө алынды.

Иш-чаранын негизги максаты – жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу, кышкы каникул мезгилинде мектеп окуучуларынын топтошуп урушуп кетүүсүнө жол бербөө, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.

2 күндүк рейддик иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде ар кандай укук бузуулар боюнча 14 протокол түзүлүп, тийиштүү чаралар көрүлдү.

Белгилей кетсек, аталган рейддик иш-чара облус аймагында 2026-жылдын 11-январына чейин улантылат.