ИИМ эскертет: алдамчылар жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалган жалган видеолорду жайылтууда
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалган алдамчылык мүнөздөгү жасалма видеолордун жайылып жатканы тууралуу эскертет.
Кылмышкерлер укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин сүрөттөрүн мыйзамсыз пайдаланып, алардын атынан жалган маалыматтар камтылган жасалма видеолорду даярдап, таратышууда.
Белгилей кетсек, мындай материалдардын Ички иштер министрлигине эч кандай тиешеси жок жана алар жарандарды алдоо максатында гана таратылууда.
Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги жарандарды төмөнкүлөргө чакырат:
-атактуу инсандардын же мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин сүрөттөрүн колдонулган, шектүү видеолорго ишенбөө;
-белгисиз шилтемелерге өтпөөгө жана өзүнүн жеке маалыматтарын, банктык карталарынын реквизиттерин, ырастоо коддорун жана башка купуя маалыматтарын эч кимге бербөөгө;
-маалыматтын чын-төгүнүн Ички иштер министрлигинин расмий маалымат булактары аркылуу гана текшерүү зарыл.
Сак болуңуздар! Заманбап технологиялар жасалма видеолорду реалдуу кылып жасоого мүмкүндүк берет, бирок маалыматка сын көз карашта болуу жана анын аныктыгын текшерүү алдамчылык аракеттерден сактанууга жардам берет.
