Чүйдө башка адамдын жерин мыйзамсыз ээлеп алган жаран кармалды
26 январь

Чүйдө башка адамдын жерин мыйзамсыз ээлеп алган жаран кармалды

Чүй облусунда бөтөн адамдын жерин мыйзамсыз ээлеп алган деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, 16-январда Сокулук РИИБге Кожомкул айылынын тургуну 1986-жылы туулган Б.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Арыз ээси өзүнүн айыл чарба багытында берилген, Сокулук районунда (мурун – Военно Антоновка, азыр –- Кожомкул айылында) жайгашкан, жалпы аянты 3 гектар болгон № 295 контурдагы жер участогун белгисиз адамдар мыйзамсыз ээлеп алып, жердин максаттуу пайдалануусун бузуу менен курулуш иштерин жүргүзгөндүгү тууралуу айткан.

Бул факт катталып, КР КЖКнин 212 беренеси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Сокулук райондук мамлекеттик агенттиктин жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография бөлүмүнүн маалыматына ылайык, аталган жер участогу жер амнистиясына кирбестиги аныкталган. Жер участогу негизги максаттуу - айыл чарба жерлери болуп эсептелет.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында бул кылмышка тиешеси бар адам - 1961-жылы туулган Д.Г. аттуу жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96 беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда Сокулук РИИБге ушул сыяктуу арыздар менен дагы 15 жаран кайрылып, материалдар катталып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Жогоруда аталган адамдын аракеттеринен жабыркаган жарандар Сокулук РИИБге кайрылып же төмөнкү телефон номурлары боюнча байланышса болот: 0997 777 993, 0705 818 182.