Бишкектин айрым аймактарында 3-мартта таза суу жок болот
2 март

Бишкектин айрым аймактарында 3-мартта таза суу жок болот

Бишкектин айрым аймактарында 3-мартта саат 10:00дөн 16:00гө чейин таза суу жок болот, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.

Өчүрүү аймагы: Энесай, Дордой-1, Дордой-2   конуштары.

“Энесай” суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.