Баткен облусунда 3,4 тонна кара куурай жок кылынды
7 июль

Баткен облусунда 3,4 тонна кара куурай жок кылынды

Баткен облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «МАК-2026» операциясынын алкагында «Кара-Куурай» аталышындагы шарттуу ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын биринчи этабы жүрүп жатат.

ИИМдин тиешелүү тескемесинин негизинде 2026-жылдын 6-июлунан 11-июлуна чейин аталган иш-чараны өткөрүү боюнча иш-мерчем түзүлүп, анын алкагында 6-июль күнү практикалык иш-чаралар башталды.

Баткен ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана шаардык-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагынын А. Масалиев жана Кара-Дөбө айылдарында, Молдо-Нияз айыл аймагынын Кыргыз-Кыштак айылында, Исхак-Полотхан айыл аймагынын Чекелик айылында, ошондой эле Лейлек районунун Катраң айыл аймагында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында жалпы 7 гектар аянт текшерилип, 3 тонна 400 килограмм жапайы өскөн кара-куурай өсүмдүгү орулуп алынып, өрттөлүп жок кылынды.

Учурда «Кара-Куурай» аталышындагы шарттуу ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын алкагындагы иштер улантылууда.