Депутат калкка тейлөө кызматын көрсөткөн кызматкерлерге кайрылды: Бай-кедей, ак-кара деп бөлбөй, баарына тегиз мамиле жасагыла
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Темирлан Айтпаев мамлекеттик кызматтардагы элге тейлөө көрсөтүү жаатында иштеген адистерге кайрылды:
“Силер жарандарга жасаган орой мамилеңер менен бүгүнкү бийликтин саясатына көлөкө түшүрүп жатасыңар. Силер элди бөлбөгүлө – бай же кедей, кыргыз же башка улут, кыргызстандык же чет өлкөлүк, ак же кара, түндүктүк же түштүктүк – бирдей мамиле жасагыла. Мамлекет койгон тапшырманы так аткаргыла”.
Депутат бул боюнча жүздөгөн жарандардын кайрылуулары түшкөнүн кошумчалады.
Ошондой эле этникалык кыргыздарга атуулдукту алууда жеңилдиктерди берүү зарылдыгына токтолду.
“Этникалык кыргыздар булар кимдер? Булар улуту кыргыз, бирок Кыргызстандын жарандыгы жок адамдар. Бир кан, бир улут, бир өлкө. Эмнеге биз аларга душманга жасагандай мамиле жасайбыз? Баарыңарга белгилүү, айрыкча 2021-жылдагы эки дос өлкөнүн ортосундагы кагылышуудан кийин алар басымга, куугунтукка туш болуп, аргасыздан тарыхый мекенинен коргоо издеп келишкен. Конституциянын 51-беренесинин 3-пунктунда даана, так жазылып турат: улуту кыргыз экенин далилдей алган жарандарга жарандыкты берүү жеңилдетилет деп. Президент 2024-жылы №25 жарлыгы менен Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздар боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизип, аларга “кайрылман” макамын ыйгарган. Демек, мамлекет алгачкы шарттарды түзүп берип жатат. Ага жараша калкка тейлөө кызматын көрсөткөн адистер дагы сылык болушу керек”, – деди ал.
