Шавкат Мирзиёевге I даражадагы “Манас” ордени тапшырылды
президенттин администрациясы
30 июль

Шавкат Мирзиёевге I даражадагы “Манас” ордени тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевге I даражадагы “Манас” орденин тапшырды.

Мамлекеттик сыйлык Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки элдин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды.

Сыйлык тапшыруу аземинде мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамилелери болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткенин белгиледи. Өз ара колдоонун жана жакындашууга багытталган ырааттуу саясаттын аркасында эки өлкө чыныгы стратегиялык өнөктөштүккө жана ар тараптуу союздаштыкка жетишкенин баса көрсөттү.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Кыргыз Республикасынын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгын тапшыруу өзү үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Ал бул сыйлык Өзбекстандын лидеринин эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн кыргыз элинин терең ыраазычылыгынын белгиси экенин айтты.

Жогорку мамлекеттик сыйлыкты кабыл алып жатып, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент Садыр Жапаровго жана жалпы кыргыз элине чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ал бул орденди өзүнө көрсөтүлгөн сый-урмат катары гана эмес, боордош эки мамлекеттин ортосундагы кылымдарды карыткан достукту, ынак коңшулаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерге берилген жогорку баа катары кабыл аларына токтолду.

Ошондой эле ал жетишилген өз ара ишеним менен түшүнүшүү деңгээли эки элдин жыргалчылыгы үчүн союздаштык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын баса белгиледи.