Эмгек министрлигине караштуу  республикалык протездик мекеменин көчмө бригадасы Беловодск жана Сокулук стационардык мекемелеринде балдарды кароодон өткөрдү
18 февраль

Эмгек министрлигине караштуу  республикалык протездик мекеменин көчмө бригадасы Беловодск жана Сокулук стационардык мекемелеринде балдарды кароодон өткөрдү

Бүгүн, 2026-жылдын 18-февралында, Эмгек министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин медтехниктер көчмө бригадасы бекитилген графикке ылайык Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине, ошондой эле майыптыгы бар адамдар жана майыптыгы бар балдар үчүн Сокулук реабилитациялык борборуна барды.

Сапардын жүрүшүндө адистер кызмат алуучуларды кароодон өткөрүп, ар бир баланын антропометриялык өлчөмдөрдүн алышты. Иш медициналык көрсөтмөлөрүң, ден соолугунун абалынын өзгөчөлүктөрүн жана ар бир баланын жекече муктаждыктарын эске алуу менен жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында керектүү протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого заказдар кабыл алынып, тиешелүү тартипте даярдалып берилет. Бардык буюмдар жекече даярдалып, балдарга максималдуу ыңгайлуулукту камсыз кылууга, таяныч-кыймыл аппаратына туура колдоо көрсөтүүгө, сколиоз жана башка деформациялардын алдын алууга, ошондой эле алардын активдүү, коопсуз жана толук кандуу жашоосуна шарт түзүүгө багытталат.

Мындай көчмө иш-чаралар стационардык жана реабилитациялык мекемелердеги балдарга көрсөтүлүүчү социалдык жана медициналык колдоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат жана адистештирилген жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.