Кыргызстандыктардын 77%ы аралыктан же гибриддик форматта иштөөнү каалашат
Кыргызстандагы жумуш издегендердин көпчүлүгү тандоо мүмкүнчүлүгү болсо, аралыктан иштөөнү же үйдөн жана кеңседен иштөөнү айкалыштырган форматты тандашат.
Бул тууралуу headhunter.kg платформасы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөттү. Ага 259 адам катышкан.
Респонденттердин 46%ы гибриддик иш форматын, ал эми 31%ы толугу менен аралыктан иштөөнү кааларын билдирген. Ошентип, сурамжылоого катышкандардын 77%ы ийкемдүү иш шарттарын артык көрөрүн айткан.
Таза кеңседе иштөө форматы 13% катышуучу үчүн ыңгайлуу болгон. Дагы 10%ы алардын кесиби аралыктан иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей турганын билдиришкен.
Ошол эле учурда учурда сурамжылоого катышкандардын 40%ы толугу менен кеңседе же жумуш ордунда иштешет. Гибриддик форматта 26%, ал эми толугу менен аралыктан 20%ы иштеп жатат.
