Чоң Чүй каналы бетондолот
Сугат суусунун тартыштыгын алдын алуу максатында маанилүү долбоор ишке ашуу алдында турат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы миниистри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Министрдин айтымында, экинчи Чоң Чүй каналынын (ЧЧК) суу жоготууларын азайтуу долбоорунун алкагында Чоң Чүй каналынын Батыш салаасынын суу өткөрмө каналын бетондоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ортосунда сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жыйынтыкталып, учурда макулдашуу даярдалып жатат.
Долбоордун сметалык баасы 37 миллион евро деп бааланууда. Азыркы учурда ЧЧК аркылуу келген сугат суусунун 50–55 пайызы жоготууга учурап жатат. Каналдардын жерпайы бетондолсо, бул жоготуулар кескин кыскарып, айдоо аянттарына сууну толук жеткирүүгө шарт түзүлөт.
Мындан тышкары, канал аркылуу агып келип, жерге сиңип, жер астында жайылып жаткан сууну бетондоо аркылуу көзөмөлгө алуу мүмкүн болуп, каналдын ылдыйкы зонасында сазга айланган жерлерди кургатууга өбөлгө түзүлөт. Бул болсо дыйканчылык жана багбанчылыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле калктуу пункттарга жакын аймактарда жаңы конуштарды түптөп, турак жай куруу үчүн жерлерди пайдаланууга жол ачат.
