Ысык-Көлдө мөңгүдө бутунан жабыркаган россиялык турист куткарылды 
видеодон алынган кадр
7 июль

Ысык-Көлдө мөңгүдө бутунан жабыркаган россиялык турист куткарылды 

Ысык-Көлдө куткаруучулар россиялык туристти куткарышты. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 6-июлда Чоң-Жаргылчак капчыгайынын жогору жагындагы мөңгүдө 1993-жылы туулган Ф.А. аттуу Россиянын жараны бутунан жаракат алып, өз алдынча ылдый түшө албай жардам сурап кайрылган.

Куткаруучулар жабыркаган аялды 4100 метр бийиктиктеги мөңгүдөн таап, жеринен биринчи жардам көрсөтүү менен тоодон түшүрүп, Каракол шаарында жайгашкан облустук ооруканага жеткиришкен.

Куткаруу ишине үч куткаруучу тартылган.