Эдил Байсалов 2025-жылдан ары төрөлгөн муунду “Алтын казык мууну” деп атоону сунуштады
2025-жылы жана андан аркы жылдары төрөлгөн балдар 15-20 жылдан кийин биз азыр жашап жаткан Кыргызстандан түп тамыры менен айырмаланган өлкөдө жашайт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр” аттуу республикалык педагогикалык кеңешмеде билдирди.
Ал 2025-жылдан ары төрөлгөн балдарды “Алтын казык мууну” деп атоону сунуштады.
“Анткени бул балдар такыр башка шартта жашашат. Алардын мамлекети күчтүү, инфраструктурасы өнүккөн, дүйнө менен тыгыз байланыштагы мекени болот. Бул балдар өз алдынчалыкка жана жоопкерчиликке багыт алган мектептерде билим алышат. Алда канча талапчыл дүйнөдө жашашат. Ал убакта атаандаштык күчөйт: ар бир баланын атаандашы өзүнүн коңшусу же классташы болот”, – деди Байсалов.
Ошондой эле, ал 15-20 жылдан кийинки муун материалдык жактан бир топ жетиштүү жашоодо жашашаарын, бирок материалдык жетишкендик дайыма эле ийгиликтин ачкычы болуп бербешин кошумчалады.
“Материалдык жетишкендик көп учурда алсыздыктын булагы болуп калат. Ошондуктан балдарга улууларды сыйлоо сыяктуу адеп-ахлак эрежелерин сиңирип чоңойтушубуз керек”, – деди ал.
