Баткенде 636 даана темир-бетон мамылар орнотулду
Энергетика министрлиги
17 апрель

Баткенде 636 даана темир-бетон мамылар орнотулду

Энергетика тармагында алдыдагы 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери башталгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергетикалык компанияларга бир катар тапшырмаларды койгон.

Негизги максат калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн, оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу ишке ашыруу болуп саналат. Мунун алкагында  электр энергиясынын сапатын жакшыртуу жана техникалык жоготууларды кыскартуу боюнча иштер ырааттуу улантылууда. Алсак, Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан 2026-жылга карата жалпы 1754 даана темир-бетон мамыларды орнотуу пландалган.

Азыркы учурда ишкананын бардык райондук электр тармактарында эски жыгач мамыларды темир-бетон мамыларга алмаштыруу иштери жүрүп жатат.  Бүгүнкү күндө 636 даанасы орнотулуп, пландалган иштер этап-этабы менен ийгиликтүү аткарылууда.

Тактап айтканда:
• Сүлүктү РЭТ – 248 даана 
• Лейлек РЭТ – 43 даана 
• Баткен РЭТ –20 даана
• Кадамжай РЭТ – 187 даана 
• Кызыл-Кыя РЭТ – 100 даана  темир-бетон мамылары орнотулду.

Бул темир бетондор орнотулуп бүткөндөн киийн мунун аркасында бир канча иштер аткарылат. Тактап айтканда, эскирген электр зымдары этап-этабы менен реконструкцияланып, орнотулуп жаткан темир-бетон мамыларга 108км СИП-3 кабелдер жана 3480 даана изоляторлор орнотулат.

Натыйжада электр энергиясын жеткирүүнүн сапаты жакшыртылып, авариялык өчүрүүлөрдүн саны кыскарып, керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.