Апасы донор болду. Бишкекте 24 жаштагы жигиттин бөйрөгү алмаштырылды
17 апрель

Апасы донор болду. Бишкекте 24 жаштагы жигиттин бөйрөгү алмаштырылды

2026-жылдын 16-апрелинде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 24 жаштагы бейтапка кезектеги акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жүргүзүлдү. Анын 44 жаштагы апасы донор болду.

Операция ийгиликтүү өтүп, донордун жана реципиенттин абалы туруктуу деп бааланууда. Бул операция Кыргызстанда трансплантологияны өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында жүргүзүлүп жаткан бюджеттик трансплантациялардын кезектегиси болуп саналат.

Аталган борбордо 2018-жылдан 2026-жылдын апрелине чейин жалпысынан 84 бөйрөк көчүрүү операциясы жасалган. Акысыз операциялар 2024-жылдын январынан тартып жүргүзүлүп, ушул мезгил аралыгында мамлекеттик бюджеттин эсебинен 42 трансплантация аткарылган. Трансплантологияны өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан активдүү колдоого алынууда.

Бөйрөк алмаштыруу операциясы бөйрөк жетишсиздигинин акыркы стадиясындагы бейтаптарга кайрадан активдүү жашоого кайтууга мүмкүнчүлүк берет. Борбордун дарыгерлери Кыргызстанда бул багытты өнүктүрүү боюнча иштерин улантууда.