Азербайжандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет
Сүрөт ачык булактардан алынды
30 июль

Азербайжандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев 30-июлда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет.

Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын бетме-бет форматындагы сүйлөшүүлөрүн өткөрүү, ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин Үчүнчү жыйынын өткөрүү пландалууда.

Азербайжан Республикасынын президентинин алдыдагы мамлекеттик сапары кыргыз-азербайжан мамилелерин мындан ары чыңдоодогу маанилүү этап болуп калат.