Кыргызстанда жарым жылда дээрлик 155 миң турак жай камсыздандырылды
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
3 сентябрь

Кыргызстанда жарым жылда дээрлик 155 миң турак жай камсыздандырылды

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында турак жайларды өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү камсыздандыруу боюнча 154 миң 980 келишим түзүлдү.

Бул келишимдер боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 126,4 млн сомду түздү.

Камсыздандыруу учурлары боюнча жарандарга 30,7 млн сом төлөнүп берилди.

Салыштыруу үчүн, 2025-жылы турак жайды камсыздандыруу боюнча жалпысынан 356 миң 62 келишим түзүлгөн. Анда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 279,2 млн сомду, ал эми төлөмдөр 31,8 млн сомду түзгөн.