Ош: Төлөйкөн айылындагы санаторийдин курулуш иштери улантылууда
Оштун Төлөйкөн айылында жайгашкан санаторийде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Учурда курулуш иштеринин негизги бөлүгү аяктап, эшик-терезелер орнотулду. Сырткы фасаддык иштер толугу менен бүткөрүлүп, учурда имараттын ички жасалгалоо иштери улантылууда.
Жалпы аянты 3240 чарчы метрди түзгөн дарылоо мекемеси жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңыланууда.
