Жогорку Кеңештин жаңы төрт депутаты ант берди
Бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында №13 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов жана Айгүл Карабекованын, ошондой эле өз арызынын негизинде кеткен депутат Эльдар Сулаймановдун ордуна келген Азизбек Абдуллаевдин ант берүү аземи болуп өттү.
Жыйында сөз сүйлөгөн КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча кыскача маалымат берди.
Андан соң Тынчтык Шайназаров жаңы шайланган депутаттарга күбөлүктөрдү жана атайын үлгүдөгү төш белгилерди тапшырып, ант берүү аземи орун алды.
