Кыргызстанда жер титирөө катталды
Кыргызстанда жер титирөө катталды, деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына таянсак, жер титирөө бүгүн, 26-январда, саат 03:54дө катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.
Жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районунун Алга-Бас, Кабылан-Көл айылдарында 3,5 балл. Ал эми Кара-Суу районунун Лаглан, Тогуз-Булак, Тээке айылдарында 3 баллга чейин (Кабылан-Көл айылынан 3 чакырым түндүк-чыгышта, Алга-Бас айылынан 5 чакырым түштүк-батышта) сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
