Бишкекте коркутуу жолу менен $100 миң талап кылгандар кармалды
22 декабрь

Бишкекте коркутуу жолу менен $100 миң талап кылгандар кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына жаран Н.А.Э. жазуу түрүндөгү арызы менен кайрылып, Светлана аттуу жаран жана анын шериктерине карата тиешелүү чара көрүү өтүнүчүн билдирген. Аныкталгандай, аталган адамдар өздөрүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, арыз ээсин бизнеске рейдерлик жол менен ээлик кылууга аракет кылган деп айыпташкан. Ошону менен катар социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында анын кадыр-баркына, аброюна жана ар-намысына шек келтирген видео кайрылууну жайгаштыруу менен коркутуп, 100 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 1 500 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурда жаран Р.С.А. кармалып, андан белгиленген белгилери бар акча каражаттары табылып, алынган.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан шектүүлөргө карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган.

Тергөө иштери улантылууда.