Жети-Өгүздө мыйзамсыз менчиктештирилген 34 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды
КР Башкы прокуратура
13 март

Жети-Өгүздө мыйзамсыз менчиктештирилген 34 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 34 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышы жана сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анда Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы 0,20 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги жана аталган айыл чарба багытындагы жер тилкесине мыйзамсыз курулуш курулгандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн натыйжасында, райондун прокуратурасы тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде баасы 34 млн 56 миң 846 сомду түзгөн жер тилке имараты менен бирге мамлекетке кайтарылды.