Суусамырда кар көчкү алдында калган чабандын сөөгү табылды
18 февраль

Суусамырда кар көчкү алдында калган чабандын сөөгү табылды

Суусамырда кар көчкү алдында калган 59 жаштагы чабандын сөөгү 18-февралда табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Издөө ишин улантуу максатында бүгүн ӨКМден жалпы 27 куткаруучу, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен 3 адис эки атайын шаймандары менен (георадар жана магнитометр) жана жергиликтүү тургундардан 40 адам, жалпы 70 адам тартылган.

Эскерте кетсек, 12-февралда Чүй облусунун Суусамыр айыл аймагындагы Кызыл-Ой айылынын Бороондуу жайлоосунда 1967-жылы туулган Д.А. аттуу эркек кишини 50 баш кой, 1 аты менен кар көчкү басып калган. Ошол убактан тарта издөө иши тынымсыз улантылып келген.