Баткенде тергөө кызматкерлерине соттук-автотехникалык экспертиза боюнча сабактары өткөрүлдү
Баткен облусунун ички иштер башкармалыгында тергөө кызматынын кызматкерлери үчүн соттук-автотехникалык экспертиза багыты боюнча окуу сабактары уюштурулду. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын адистеринин катышуусунда өткөрүлүп, анда теориялык жана практикалык багыттагы маалыматтар берилди.
Сабактын жүрүшүндө соттук-автотехникалык экспертизанын негизги түшүнүктөрү, ошондой эле аны дайындоо жана жүргүзүү тартиби кеңири түшүндүрүлдү. Катышуучуларга иш жүзүндө колдонулуучу ыкмалар жана практикалык мисалдар да көрсөтүлдү.
Ошондой эле жыйында Баткен ОИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Равил Ниязбеков тергөө кызматкерлерине кайрылып, мыйзамдуулукту так сактоо, кызматтык тартипти бекемдөө, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө жана жарандардын кайрылууларын өз убагында жана мыйзам чегинде кароо маселелерине өзгөчө көңүл бурду.
