Россияда кыргызстандык 18 жаранга 1,6 млн рубль өлчөмүндө эмгек акысы кайтарылды
2 июнь

Россияда кыргызстандык 18 жаранга 1,6 млн рубль өлчөмүндө эмгек акысы кайтарылды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишин улантууда.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынын 18 жаранына Россиянын «Приоритет» ЖЧКсынан эмгек акы боюнча топтолгон карыздарын өндүрүп алууга көмөк көрсөттү. Төлөнгөн каражаттардын жалпы суммасы 1 648 300 рублди түздү.