Бишкек шаарынын ИИББгы мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактысынын бетин ачты: шектүү кармалды
30 июль

Бишкек шаарынын ИИББгы мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактысынын бетин ачты: шектүү кармалды

  • 2026-жылдын 28-июлунда Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматына чет өлкөлүк жаран М.А. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, мекендеши жеке пайда көрүү максатында ишенимге кирип, акча каражатына чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жана андан тышкары колдонууга арналган жасалма жумушчу жана студенттик визаларды даярдоо жана сатуу менен алектенип, мыйзамсыз миграция каналын уюштурган.

  • Алынган маалыматтарга ылайык, чет мамлекеттердин биринин жарандары аталган жасалма визалык документтерди пайдаланып, аба транспорту аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына келишкен. Бирок документтердин жараксыз экендиги аныкталгандан кийин өз мекенине кайтууга аргасыз болушкан. Ошондой эле айрым учурларда Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы тарабынан сунушталган документтерде жасалмалоонун белгилери аныкталып, чет өлкөлүк жарандардын мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө уруксат берилген эмес.

  • Ошол эле күнү жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын ИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан 2001-жылы туулган GH. MU. аттуу жаран аныкталып, кармалды.

  • Шектүүнү жеке тинтүү учурунда анын сол бутундагы жайкы бут кийиминин таманынын астынан жасалмалоонун белгилери бар 1400 АКШ доллары табылып, алынган.

  • Ошондой эле шектүүнүн автоунаасына жүргүзүлгөн тинтүүдө эки чет өлкөлүк жарандын паспорту, бир чет өлкөлүк жарандын жумушчу визасы жана кылмыш иши үчүн маанилүү болгон башка буюмдар менен документтер алынды. Ал эми жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүүдө чет өлкөлүк жарандын тил каты жана «Жашыл коридор» программасы боюнча каттарды алуу үчүн арыздардын бланктары табылып, алынды.

  • Учурда Бишкек шаарынын ИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан аталган кылмыштуу схеманы уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

  • Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарга мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, жасалма документтерди даярдоо, колдонуу жана сатуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоого жана визалык, ошондой эле миграциялык документтерди мыйзамдуу жолдор менен гана тариздөөгө чакырат.