УКМКнын мурдагы башчысы Уранбек Шадыбеков коррупцияга шектелип кармалды
www
7 июль

УКМКнын мурдагы башчысы Уранбек Шадыбеков коррупцияга шектелип кармалды

Аскер прокуратурасы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасынын орун басары Уранбек Шадыбековду кармады. Бул тууралуу ЖМКлар өз булактарына таянып билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш боюнча аны менен кошо атайын кызматтын мурдагы дагы бир нече кызматкери өтүүдө. Алар коррупциялык кылмыштарга шектелүүдө.

Материал жарыяланган учурга карата Аскер прокуратурасы жана укук коргоо органдары тарабынан расмий комментарий бериле элек.

Уранбек Шадыбеков 2026-жылдын февраль айында атайын кызматтын жетекчилигиндеги масштабдуу кадрдык өзгөрүүлөрдөн кийин УКМК төрагасынын орун басары жана Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалган.

Бул кызматка чейин ал улуттук коопсуздук органдарынын тутумунда эмгектенген.

Бирок үстүбүздөгү жылдын 8-июнунда президенттин жарлыгы менен ээлеген кызматынан бошотулган. Анын ордуна УКМК төрагасынын орун басары жана Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп Алмаз Ажыгулов дайындалган.

Шадыбековдун кызматтан бошотулушунун себептери анда расмий түрдө ачыкталган эмес.

Учурда ага карата кандай айыптар тагылганы, кандай бөгөт коюу чарасы тандалганы жана кылмыш ишиндеги башка фигуранттар тууралуу расмий маалымат жок.