Борбор Азия жана Россиянын ТИМ башчылары Москвада аймактык коопсуздукту талкуулашат
17 апрель

Борбор Азия жана Россиянын ТИМ башчылары Москвада аймактык коопсуздукту талкуулашат

2026-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москва шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына жана “Борбордук Азия – Россия” форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат.

КМШнын ТИМК жыйынында эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана КМШ алкагындагы кызматташтык боюнча пикир алмашуу, ошондой эле Шериктештиктин жогорку органдарынын кароосуна сунуштала турган документтерди кабыл алуу пландалууда.

Борбордук Азия – Россия форматындагы тышкы саясий ведомстволордун жетекчилеринин жолугушуусунда катышуучулар 2025-жылдын 9-октябрында Душанбе шаарында өткөн ушул форматтагы экинчи саммитте мамлекет башчылары тарабынан бекитилген 2025–2027-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планынын ишке ашырылышын талкуулашат. Бул контекстте соода тоскоолдуктарын жоюу, транспорттук-логистикалык коридорлорду өнүктүрүү жана регионалдык коопсуздукту чыңдоо боюнча практикалык кадамдарга өзгөчө көңүл бурулат.