Анжиянда бир учурда беш эм төрөлдү
www
7 июль

Анжиянда бир учурда беш эм төрөлдү

Анжиянда бир учурда беш эм төрөлдү – үч кыз жана эки уул.

Жергиликтүү дарыгерлердин маалыматына ылайык, Анжиян шаарынын «Кайрагочтош» махалласынын тургуну Наргиза Бекжонова 6-июлда көп түйүлдүктүү кош бойлуулук диагнозу менен шаардагы №2 төрөт комплексине жаткырылган.

Мөөнөтүнөн мурда төрөт башталгандыктан, аялга кесарево операциясы жасалган.

Операцияны акушер-гинекологдордон, неонатологдордон жана реаниматологдордон турган адистер тобу жүргүзгөн.

Жаңы төрөлгөн биринчи кыздын салмагы 1450 грамм, биринчи уулдуку – 1605 грамм, экинчи кыздыкы – 1495 грамм, экинчи уулдуку – 1585 грамм, үчүнчү кыздыкы – 1205 грамм болгон.

Төрөттөн кийин эне жана беш ымыркай атайын медициналык жардам көрсөтүү үчүн Энелер менен балдардын саламаттыгы боюнча республикалык адистештирилген илимий-практикалык медициналык борбордун Анжиян облустук филиалына которулган.

Дарыгерлердин айтымында, учурда эненин жана беш наристенин тең абалы жакшы. Алар адистердин туруктуу көзөмөлүндө.

Белгиленгендей, бул Анжиян облусунда акыркы мезгилдеги экинчи ушундай учур. Өткөн айда ушул эле борбордун филиалында төрт эм төрөлгөн.