Талас менен Гөрөмө бир тууган шаарлар болот
22 декабрь

Талас менен Гөрөмө бир тууган шаарлар болот

Жакынкы аралыкта Талас шаары Түркиянын Гөрөмө калаасы менен расмий түрдө бир тууган шаар макамына ээ болоору күтүлүүдө. Бул тууралуу КР президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, бүгүн Талас шаарына Гөрөмө шаарынын мэри Өмер Эрен баштаган расмий делегация иш сапары менен келип, шаарда аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы өнүгүү пландары менен жеринен таанышууда.

Жумаевдин айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркия тарыхый тамыры, маданий баалуулуктары бир, боордош элдер экени өзгөчө белгиленди.

"Бүгүнкү күндө президент Садыр Нургожоевич Жапаров жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилиги алдында эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, социалдык жана маданий кызматташтык мурдагыдан да бекемделип, жаңы деңгээлге чыгып жатат", – деди облус башчысы.

Алдыда Талас шаары менен Гөрөмө шаарынын ортосундагы бир тууган шаар мамилеси расмий түрдө бекитилип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу пландалууда.