«Ишеним» жана «Ала Тоо» депутаттык топтору саламаттык сактоо тармагынын абалы тууралуу маалымат алышты
13 март

«Ишеним» жана «Ала Тоо» депутаттык топтору саламаттык сактоо тармагынын абалы тууралуу маалымат алышты

Бүгүн, 13-мартта «Ишеним» жана «Ала Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулуп, эске алынды.

Жыйында баяндама жасаган Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев улуттук саламаттык сактоо системасынын негизги көрсөткүчтөрү, медициналык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу, медициналык мекемелердин инфраструктурасын өнүктүрүү жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелерине токтолду. Мындан тышкары, Тилек Мамадалиев медицина тармагына киргизилип жаткан инновациялар, айрыкча органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүү багытындагы иштер тууралуу да маалымат берди.

Ошондой эле саламаттык сактоо системасын кадрлар менен камсыз кылуу маселесине көңүл буруп:

«2026-жылдын 1-январына карата калкка медициналык жардамды 12 384 дарыгер жана орто медициналык билими бар 28 934 адис көрсөткөн. 2024-жылга салыштырмалуу кадрлар менен камсыз болуу деңгээли төмөндөгөн. Эң чоң кадр тартыштыгы бар адистиктер: үй-бүлөлүк дарыгерлер, терапевттер, педиатрлар, акушер-гинекологдор, анестезиолог-реаниматологдор, санитардык-эпидемиологиялык профилдеги адистер, нур жана функционалдык диагностика адистери, хирургдар», – деди.

Талкуу маалында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 100 орундуу оорукана куруу керектигин белгилеп, калк үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселеси өтө курч турганын жүйө келтирди. Депутат Бактыяр Калпаев да Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүндөгү оорукананын жаңы имаратын куруу, ошондой эле тез жардам унааларынын санын көбөйтүү маселелерин ортого салды. Депутат Исманали Жороев Баткен облусунун өзгөчө макамын эске алуу менен аталган аймакта медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу маселесине көңүл бурду.

«Ала Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров, депутат Нилуфар Алимжанова онкологиялык оорулардын көбөйүшү тууралуу сөз кылышып, тармактык министрликти бул багытта эрте диагностика иштерин күчөтүүгө жана дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатууга чакырышты.

Муну менен катар депутат Жылдыз Курманалиева аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдар үчүн реабилитациялык борборлорду ачуу, ошондой эле логопед, сурдолог жана башка тар багыттагы адистердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселесин көтөрдү. 

Эл өкүлү Гүлкан Молдобекова Саламаттык сактоо министрлигин М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда боорду трансплантациялоо операцияларын баштоо үчүн колдоо көрсөтүүгө чакырып, адистер тиешелүү окуудан өткөнүн жана кымбат баалуу жабдуулар алынганын билдирди.

«Азыр алар дары-дармекке жана медициналык буюмдарга муктаж», – деди.

Депутат Гульнара Акимбаева балдардын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендигин тастыктоо үчүн жүргүзүлгөн медициналык күбөлөндүрүү тартибин жеңилдетүүнү өтүндү.

Өз кезегинде «Ишеним» депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиев АРИСтин ишмердүүлүгүнүн алкагында Жумгал жана Тогуз-Торо райондоруна ооруканаларды куруу маселесин көзөмөлгө алууну табыштады. Ошондой эле эл өкүлү аймактарда «Эл Аман» дарыканаларынын иштешин камсыз кылуу маселесин көтөрдү.

Андан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан республиканын аймагында курулуп жаткан социалдык объектилердин курулуш иштери жөнүндө маалымат угулуп, эске алынды. Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бакай Турдугулов маалымат берди.

Талкууда депутаттар социалдык инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл буруп, курулуш иштерин өз убагында жана ыкчам бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Муну менен катар эл өкүлдөрү бул тармакка багытталган бюджеттик каражаттарды, ошондой эле тартылып жаткан гранттар менен кредиттерди сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу керектигин кошумчалашты.