Баткенде үч күндүк республикалык команда-штабдык машыгуу жыйынтыкталды
Баткен облусунун аймагында 2026-жылдын 11–13-март күндөрү КР Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын катышуусунда команда-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Машыгуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетовдун жетекчилиги астында өткөрүлдү.
"Туруксуз аба ырайынын шартында табигый кырсыктардын коркунучу кооптуулук жаратат. Мындай шартта бүгүнкүдөй машыгуулардын мааниси зор өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштеринде өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө чоң жардам бермекчи", - деп айтылат маалыматта.
Машыгуунун алкагында кооптуу аймактарда жашаган калкты өз убагында көчүрүү, убактылуу жайгаштыруу шаарчасына жайгаштыруу, алгачкы кечиктирилгис чараларды көрүү аракеттери практика жүзүндө уюштурулду.
Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен Жарандык коргонуу кызматтары атайын сыйлыктарга ээ болду.
