Борбордук Азия өлкөлөрү саламаттык сактоону каржылоону өркүндөтүү маселелерин талкуулашты
7 октябрь

Борбордук Азия өлкөлөрү саламаттык сактоону каржылоону өркүндөтүү маселелерин талкуулашты

Бүгүн, 2026-жылдын 7-октябрында Ысык-Көлдө Дүйнөлүк банк тарабынан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) менен өнөктөштүктө уюштурулган Борбордук Азияда саламаттык сактоо системаларын каржылоону чыңдоо боюнча аймактык семинар өз ишин баштады. Семинар саламаттык сактоону каржылоонун негизги функцияларына жана аймактагы өлкөлөр туш болгон практикалык маселелерге арналды. Алардын ичинде саламаттык сактоону каржылоону башкаруу, кирешелерди түзүү жана каражаттарды топтоо механизмдери, стратегиялык сатып алуулар, медициналык кызмат көрсөтүүчүлөргө төлөө механизмдери, медициналык кызматтардын пакетин иштеп чыгуу, ооруканаларды каржылоо, жеке медициналык кызмат көрсөтүүчүлөр менен келишим түзүү, ошондой эле жарандардын өз каражатынан кетирген чыгымдарын азайтуу жана финансылык коргоону күчөтүү ыкмалары каралууда.

Семинар 7–9-октябрь күндөрү өтүп, ага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн кыркка жакын өкүлү, аймактык жана эл аралык эксперттер, Дүйнөлүк банктын кызматкерлери, ошондой эле ДССУнун өкүлдөрү катышууда.

Жолугушууну ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов аймактагы өлкөлөрдүн алдында жалпы милдеттер турганын белгиледи. Алар — саламаттык сактоону каржылоонун туруктуулугун камсыз кылуу, колдо болгон ресурстарды кыйла натыйжалуу пайдалануу, калктын медициналык жардамга адилеттүү жетүүсүн камсыз кылуу жана ошол эле учурда анын сапатын жогорулатуу.

«Биз каржылоо системасындагы реформалар саламаттык сактоо системасына канча каражат бөлүнүп жаткандыгы менен гана чектелбестигин түшүнөбүз. Каражаттардын кандайча топтолору, медициналык кызматтардын кандайча сатып алынары, медициналык уюмдар үчүн кандай стимулдар түзүлөрү жана каржылоонун дарылоо сапатына жана натыйжаларына кандай таасир этери да маанилүү», — деди Дамир Осмонов.

Семинар Борбордук Азия жана коңшу өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан жана аяктаган реформалардын жүрүшүндө топтолгон тажрыйба менен алмашууга, ошондой эле мындан аркы кызматташуу жана техникалык тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого шарт түзөт. Өзгөчө көңүл аймак өлкөлөрүнүн практикалык тажрыйбасына, анын ичинде медициналык кызматтарды стратегиялык сатып алууга өтүүгө, кызмат көрсөтүүчүлөргө төлөө механизмдерин өркүндөтүүгө жана медициналык уюмдарды каржылоонун натыйжалуулугун жогорулатууга бурулат.

Кыргызстан үчүн бул багыт саламаттык сактоо системасын каржылоону өркүндөтүү, баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандардын финансылык корголушун күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында өзгөчө мааниге ээ.

«Бирок, менин көз карашымда, бул семинардын негизги жыйынтыгы билим алмашуу менен гана чектелбеши керек. Талкуулардын жыйынтыгында ар бир өлкө саламаттык сактоону каржылоо системасын мындан ары өркүндөтүү үчүн кандай конкреттүү кадамдарды жасай аларын жана кайсы багыттарда аймактык деңгээлде кызматташа аларыбызды так түшүнүү маанилүү», — деп баса белгиледи КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар реформаларды мындан ары жүргүзүүнүн багыттарын, ошондой эле аймактык кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн аныкташат.