«Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров баштаган депутаттар Жапонияга иш сапары менен барды
Жогорку Кеңештеги «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси, Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун башчысы Талайбек Масабиров баштаган эл өкүлдөрү Жапониянын парламентинин Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Эйичиро Мори менен жолугушту.
Жолугушууда Талайбек Масабиров Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин жолдогон саламын жеткирип, Эйичиро Морини Жапониянын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы кызматына шайланышы менен куттуктады.
Тараптар соңку жылдары эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакалар жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, парламенттер аралык байланыштар да активдүү уланып жатканына токтолушту.
Өз кезегинде Эйичиро Мори Кыргызстандан барган парламенттик делегациянын сапары маанилүү экенин айтып, кызматташтыкты арттырууда депутаттык достук топторунун жетекчилери Талайбек Масабиров менен Гэн Накатанинин ролу өзгөчө экенин кошумчалады.
Андан тышкары, жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2025-жылдын декабрь айында өткөн Жапонияга жасаган сапары эки тараптуу мамилелерди чыңдоого чоң түрткү бергени баса белгиленди.
Жолугушуунун соңунда Талайбек Масабиров жапон тарапты 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакыра кетти.
