Сокулук райондук администрациясы
13 март
Сокулук районунун прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди
Бүгүн, 13-мартта Сокулук районунун прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты.
Ачылыш аземине башкы прокурор Максат Асаналиев, Чүй облусунун прокурору А. Шукурбеков, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким И.А. Ташкулов, ошондой эле күч органдарынын жетекчилери катышты.
Белгилей кетсек, аталган имараттын курулушунун башталышы 2025-жылдын 9-июлунда мезгил кутучасы салынган.
Жаңы имарат прокуратура кызматкерлерине заманбап шарттарды түзүп, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
