Miss Kyrgyzstan – 2026 сулуулук сынагынын жеңүүчүсү аныкталды
видеодон алынган кадр
30 июль

Miss Kyrgyzstan – 2026 сулуулук сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

Бишкекте 29-июлда Miss Kyrgyzstan – 2026 улуттук сулуулук сынагынын финалы өттү. Сынакка 27 катышуучу катышып, баш байге үчүн ат салышты.

Miss Kyrgyzstan Universe титулунун ээси 23 жаштагы Айдана Айбашова болду. Ал эми Кыргызстанды эл аралык сулуулук сынактарынын биринде өкүлчүлүк кылат.

Miss Kyrgyzstan International наамын Адеми Разабекова жеңип алды.

Miss Kyrgyzstan Earth номинациясынын жеңүүчүсү Адина Бектурова болду.

Улуттук титулдардын ээлери Кыргызстанды тиешелүү эл аралык сулуулук сынактарында тааныштырат.