Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөйт
14 январь

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөйт

Үстүбүздөгү жылдын 17-19-январь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 

  • Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…-7° суукка чейин, күндүз -2° суктан…+3° жылуулукка чейин,
  • тоо этектеринде түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°,
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12° суукка чейин, күндүз -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин,
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -9…-14°,
  • Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -11…-16° суукка чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.