Таласта күйөөсү аялына бензин чачып өрт койгон. Окуянын чоо-жайы
6 февраль

Таласта күйөөсү аялына бензин чачып өрт койгон. Окуянын чоо-жайы

Таласта күйөөсү аялына бензин чачып өрт койгон.

Облустук милиция окуянын чоо-жайы тууралуу 6-февралда маалымат таратты.

Милициянын билдирүүсүнө таясак, 2026-жылдын 5-февралында Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясына 1998-жылы туулган М.Т. арыз менен кайрылган.

Арыз ээси 2025-жылдын 15-октябрында Талас облусунун Бакай-Ата районунда жайгашкан өзү жашаган үйүндө анын 1994-жылы туулган Д.Ж. аттуу жолдошу эч кандай себепсиз уруш чыгарып, аны кубалап, башынан ылдый күйүүчү май куюп, аны күйгүзүп жибергенин билдирген.

Натыйжада арыздануучу М.Т. ден соолугуна оор залал алып, бул окуяны эч кимге айтпай жашырып жүргөндүгүн айткан.

"Аталган окуя боюнча 2025-жылдын 15-октябрында Бакай-Ата РИИБне милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тейлеген аймактагы турак үйлөрдүн биринде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, окуя МЭЖге катталган", – деп айтылат билдирүүдө.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө окуя боюнча күбөлөр суракка алынып, алар мешке от жагуу учурунда от күйбөй калгандыктан бензин чачылган учурда жалын тутанып, жубайлар күйүп калганын билдиришкен. Ошол учурда М.Т. жана Д.Ж. жандандырүү бөлүмүнө жеткирилип, абалдары оор болгондуктан суракка алууга мүмкүн болгон эмес.

Андан кийин жабырлануучу үй-бүлөлүк зомбулук фактысы тууралуу жакындарына жана укук коргоо органдарына билдирбей келген. Окуя боюнча жубайларга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

2026-жылдын 5-февралында М.Т. кайрадан арыз менен кайрылып, окуя үй-бүлөлүк зомбулуктун натыйжасында болгонун, жолдошу атайылап күйүүчү май чачып, өрттөп жибергенин билдирген. Жаңы аныкталган жагдайлардын негизинде кошумча текшерүү иштери башталды.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү Д.Ж. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.