Сулайманов санариптештирүүнү сынга алды: Жалаң интернет тарткан жерлерде жүрүп, айылдардагы көйгөйдү эске албай жатасыңар
14 январь

Сулайманов санариптештирүүнү сынга алды: Жалаң интернет тарткан жерлерде жүрүп, айылдардагы көйгөйдү эске албай жатасыңар

Депутат Кундузбек Сулайманов Жогорку Кеңештин жыйынында “Түндүк” ААКсында канча адис иштей турганына кызыкты. 

Аталган ААКнын адиси Азиз Пирмаматов билдиргендей, учурда штатта 100 чакты кызматкер бар, анын ичинде: техникалык кызматкерлер, аналитиктер, иштеп чыгуучулар жана программисттер. Алардын баары Бишкек шаарында гана иштешет. 

Депутат адистердин баары Бишкекте отуруп алышып, аймактардагы муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй жатканын айтты. 

“Түндүктү” түшүнбөгөн муниципалдык кызматкерлер бар. Муну моюнуңарга аласыңарбы? Түшүнбөгөнү үчүн эски ыкмага салып “тиги справканы алып, муну алып кел” деп иштеп жатышат. Аймактарга чыгып кызматкерлерди окутуп турсаңар болбойбу?” – деди депутат. 

Адис буга чейин аймактарга чыгып, окууларды жүргүзүшкөнүн айтып баштаганда, депутат аны токтотту. 

“Кайсы иш-чараларды өткөрдүңөр, мага кагаз жүзүндө жооп бергилечи. Бетиңерге айтып коеюн: эч нерсе кылган жоксуңар. Нааразычылык интернет тартпаган аймактарда болуп жатат. Же аларда вай-фай жок. А силер жалаң интернет тарткан жерлерде жүрөсүңөр дагы чыныгы көйгөй тууралуу маалыматыңар жок. Айылдарда свет өчсө болду – “Түндүк” жок”, – деди Сулайманов.