Чүй облусунда баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды
2026-жылдын 28-февралында Аламудун РИИБге Аламудун районунун Арашан айыл аймагында баңги зат табылганы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Бул факт катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө топ дароо чыгып, текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2008-жылы туулган Р.А. аттуу жарандан пакет табылып, ал пакеттин ичиндеги психотроптук заттар 20 термоусадка пакетчелерге бөлүнгөнү аныкталды. Алынган заттын жалпы салмагы, упаковкасы менен бирге, 35 граммды түздү.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 4-СМС (хлорметкатинон, клэфедрон) камтыйт жана психотроптук заттарга кирет.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө учурунда, 2026-жылдын 20-февралында Нарын шаарынын тургуну А.Т., өз үйүндө отуруп, Telegram мессенджери аркылуу «Принцесса-Дури» интернет дүкөнүнөн тыюу салынган психотроптук затты 26 430 сомго сатып алгандыгы аныкталды.
Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин ага «закладка» катары аталган жердин координаттары жана жайгашкан жери жөнөтүлгөн, ал Аламудун районунун Арашан айылында болгон.
2026-жылдын 28-февралында А.Т. сүйлөшкөн кызына шакек сатып алуу шылтоосу менен, өзүнүн тууганы Р.А.ны Бишкек шаарына барып келүүнү жана жолдо Арашан айылына токтоп кетүүнү суранган, чыныгы максатын айткан эмес. Р.А. анын суранганын кабыл алып, көрсөтүлгөн жерге барганда укук коргоо органдары тарабынан кармалды.
Ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренеси боюнча А.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылып жатат.
