Ош шаарында “Бүткүл Азия боюнча – Батыштан Чыгышка” аттуу фотокөргөзмө ачылды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган “Бүткүл Азия боюнча — Батыштан Чыгышка (1906–1908-жж.)” аталышындагы Карл Густав Маннергеймдин фотосүрөттөрүнүн көргөзмөсүнүн расмий ачылды.
Иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана чакырылган коноктор катышышты.
Ачылыш аземинин алкагында белгиленгендей, көргөзмөнүн негизги максаты – тарыхый мурастарды жайылтуу, эл аралык маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле Маннергеймдин Борбордук Азия аймагындагы саякаттары аркылуу аймактын тарыхын жана маданиятын кеңири коомчулукка таанытуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, мындай маданий иш-чаралар шаар тургундары жана коноктору үчүн тарыхый мурастар менен жакындан таанышууга өбөлгө түзүп, Ош шаарынын маданий жашоосун байытууга багытталган.
