083 справкасы: депутат айдоочулардын ар беш жылда медициналык текшерүүдөн өтүүсүнө каршы чыгууда
Министрлер Кабинети мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуштоодо. Анын максаты – бюрократияны жоюу жана жарандардан ар кандай тастыктамаларды талап кылууну азайтуу.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитовдун Жогорку Кеңештин жыйынында түшүндүрүп бергенине караганда, эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, анда ар кандай маселелер менен мамлекеттик, муниципалдык мекемелерге барган жарандардан эч кандай тастыктама талап кылынбайт, анын баарын мамлекеттик/муниципалдык кызматкер “Түндүк” тиркемесинен өзү алууга тийиш.
Депутат Дастан Жумабеков айдоочулук күбөлүк үчүн керектелүүчү 083 тастыктамасы тууралуу маселе көтөрдү.
“Бул справканы поликлиникалардан алуу керек. Айдоочулук күбөлүктү алмаштыргыла дедиңер, бирок минтип ага справканы байлап койдуңар. Анан такси кызматына лицензия киргиздиңер, анда да ушул справка бар. Аны алуу үчүн жарандар поликлиникага барып кезекке турууга аргасыз. Кезек абдан көп, убактылары да, акчалары да кетип жатат. Эмнеге аны “Түндүк” аркылуу ала тургандай кылып койбодуңар?” – деди депутат.
Чоро Сейитов 083 справкасын алуу үчүн жаран дарыгердин кабылдамасында болуп, көзүн, башын ж.б. органдарын текшертүүсү керектигин, бул сөзсүз түрдө бетме-бет жолугууну талап кылаарын түшүндүрдү. Ошондой эле ал аталган справканы алуу үчүн “Түндүккө” поликлиникаларга электрондук кезекке туруу кызматын киргизишкенин кошумчалады.
Бирок буга Жумабеков макул болгон жок. Ал 083тү жаран айдоочулук курсту окуп, сынак тапшырып жатканда эле алганын, ал эми айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда андан кайрадан өтүүнүн кажети жоктугун белгиледи.
“Айдап жүргөн машинасын дагы деле айдап жүрө берет да. Алмаштыргыла дейсиңер, алмаштырайын десе, справкага байлап коюп атасыңар”, – деди.
Сейитов ар беш жыл сайын 083 справкасын жаңыдан алуу керектелерин, анткени адамдын ден соолугу бир калыбында турбастынын айтты.
“Менин дагы көзүм беш жыл мурда азыркыдан жакшыраак көрчү. Жыл өткөн сайын көздүн көрүүсү начарлайт экен”, – деп жооп берди министрдин орун басары.
