Төрага: Бардык мыйзам долбоорлору биринчи мамлекеттик тилде жазылышы керек
14 январь

Төрага: Бардык мыйзам долбоорлору биринчи мамлекеттик тилде жазылышы керек

Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу мыйзам долбоорлору биринчи мамлекеттик тилде жазылышы керектигин баса белгиледи.   

“Бардык мыйзам долбоорлоруна талап бирдей. Ар бир мыйзам долбоору биринчи кезекте мамлекеттик тилде – кыргызча жазылышы керек. Андан кийин расмий тилге которулушу кажет. Ушуну эске алгыла”, – деген төрага аталган маселеге тыкыр көңүл буруу керектигин катуу эскертти.