Депутат аймактардан операцияга келген онкобейтаптарды коштогондор үчүн мейманкана курууну сунуштады
14 январь

Депутат аймактардан операцияга келген онкобейтаптарды коштогондор үчүн мейманкана курууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожомкулова Бишкектеги Онкология борборунун жанындагы үйлөрдүн жашоочуларынын кайрылуусун жеткирди. Алар аталган борборго аймактардан онкологиялык дартка чалдыккан бейтапты коштоп келген адамдар үчүн мейманкана курууну суранышкан.

Айтымында, учурда жакынын операцияга алып келген адамдын көп учурда мейманканага түнөөгө шарты жок.

“Онкологиялык борбордун жанында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары мындай адамдарды өз үйлөрүнө түнөп кетүүгө чакырышат экен. Жай мезгилинде көп учурда короолордо уктап, таңды атырышат”, – деди депутат.

Ал саламаттыкты сактоо министрин ушул маселеге көңүл буруп коюуга чакырды.