2 баланын энеси үйүнө келе албай калды: чек арадагы жаңы эрежелер өз убагында айтылган эмес
Казакстан Кыргызстандын жарандарына өлкөдө аймагында уруксат берилген 90 күндөн ашык жүрсө, кийинкиде казак жергесине кирүүсүнө бөгөт коюлат. Бул коңшу өлкөнүн жаңы эрежеси. Кыргызстан мындан кийин ушул сыяктуу эреже кабыл алган: казакстандыктар өлкө аймагында 90 күндөн ашык жүрсө, кийинки жолкусунда ага кыргыз жергесинин каалгасы жабылат.
Бул боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.
Айтымында, ага Казакстандын жараны, бирок кыргызстандыкка турмушка чыгып, Бишкекте жашап келген эки баланын энеси кайрылган.
Аял Кыргызстандан чыгып баратканда ага чек арачылар эч кандай маалымат беришпеген, бирок кайра кайтууну көздөгөндө өлкө аймагына кирүү укугунан ажаратылганын билдиришкен.
“Учурда аял үй-бүлөсүнө жете албай жатат, мектепте мугалим болуп иштечү экен, көп убакыт жумушка чыкпагандыктан, ал жакта да көйгөй болуп жэатыптыр. Ооба, мен түшүнөм, мындай эрежени Казакстан биринчи киргизди, а ага жооп иретинде биз да кабыл алдык. Бирок чек арадан чыгуу учурунда жарандарга бул тууралуу маалымат берилиши керек эле. Чыгып баратканда унчугушпайт да, кайра кирээрде ачыкталып жатат”, – деди Сурабалдиева.
Ал бул ондогон адамдардын көйгөйүнө айланганын кошумчалады.
