Кыргызстанда “Ала-Тоо” журналы кайрадан басылып чыга баштады
Кыргызстанда “Ала-Тоо” журналы кайрадан басылып чыга баштады. Жагымдуу жаңылык менен президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
Президент журналдын биринчи саны колуна тийгендигин айтты.
"Элибиздин нарк-насилин жайылтууда, улуттук жазма адабий тилин байытууда өзүнчө бир баа жеткис казынага айланган “Ала-Тоо” журналы кайрадан жанданып, басылып чыкты.
Биз өлкөбүздүн каржы жана экономика тармактарын эле алдыга жылдырбастан, маданиятка, анын ичинде адабиятка да көңүл бурууга аракеттенип жатабыз.
Көп жылдар бою токтоп турган адабий журнал өз ишин жандантып, окурман журтчулугун кубандырып турган кези.
Кудай буюрса, элибиздин тарых-таржымалы, тили, улуттук өзгөчөлүгү, маданияты, салт-санаасы тууралуу кызыктуу макала-материалдарды жарыялоо менен мекендештерибиздин маданиятын, билимин, кругозорун арттырууда зор салым кошот деген үмүттөмүн.
Ошону менен бирге, таланттуу жаштарыбыздын чыгармаларын ай сайын жарыялоо менен аларды коомчулукка кеңири таанытарына бекем ишенем.
Эми "Ала-Тоо" журналы кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө эле салымын кошпостон, агартуучулук багытта да чоң миссияны аркалап, руханий жардылыктан арылтып, жан дүйнөнү байытат, аң-сезимди тазартат", – деди ал.
Мамлекет башчысы кыргызстандыктарды бул журналга жазылууга чакырды.
Журнал айына бир жолу чыгат. “Кыргыз туусу” басма үйүнөн алууга болот.
