Министрлер кабинети
21 май
Адылбек Касымалиев жумушчу сапары менен Түркмөнстанга келди
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумушчу сапары менен Түркмөнстанга келди.
Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат, анда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланат.
Мындан тышкары, сапардын алкагында мамлекет жетекчилиги менен жолугушуу күтүлүүдө.
