Бишкек – Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып кетти
Бишкек – Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып кетти. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасынан кабарлашты.
Окуя 14-январда болжол менен саат 09:50дө Бишкек – Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун 428 чакырымында болгон. Жүк ташуучу, мазут ташыган бензовоздун рулдук рейкасы үзүлүп, унаа жолго оодарылып кеткен.
Жабыркагандар жок.
Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыз кылуу иштери Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасына караштуу №38 жол тейлөө мекемеси тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө. Учурда унаа кыймылы бир тараптуу бар.
