ЖККУ ПАнын байкоочулары Казакстандагы референдумга мониторниг жүргүзүшөт
12-мартта Астана шаарына Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясы (ЖККУ ПА) тарабынан эл аралык байкоочулар тобу келди.
ЖККУ ПАнын төрагасы, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володиндин чечими менен бул топ Казакстан Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча 15-мартта өтө турган референдумга даярдык көрүү жана аны өткөрүү процесстерин көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн.
Топтун координатору болуп Улукбек Узакбаев дайындалды. Ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сот-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп саналат.
Иш сапардын алкагында Казакстандын жогорку мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, ошондой эле шайлоону уюштурууга жооптуу мекемелер менен расмий жолугушуулар өткөрүү пландалган.
Добуш берүү күнү — 15-мартта — ЖККУ ПАнын байкоочулары шайлоо участокторунун ишин алардын ачылган учурунан (саат 07:00дөн) тартып добуштарды эсептөө аяктаганга чейин көзөмөлдөшөт. Байкоо иштери Астана шаарында жана Акмола облусунда жүргүзүлүп, байкоочулар алдын ала белгиленген жеке маршруттар боюнча иш алып барышат.
