Бактыбек Калмаматов президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз берди
КР БШК
11 ноябрь

Бактыбек Калмаматов президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз берди

Бүгүн, 11-ноябрда, Калмаматов Бактыбек Орозалиевич Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.

Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.